«Пайгамбарга акарат келтирген» деп айыпталган аял Канадага учуп кетти

Асия Биби.

Пакистанда «исламга жана пайгамбарга акарат келтирди» деген айып менен сегиз жыл түрмөдө отуруп, кийин акталган христиан аял Асия Биби Канадага учуп кетти. Бул маалыматты Пакистандын аткаминерлери тастыкташты.

Асия Биби Канадага качан чыгып кеткени белгисиз. Бирок анын адвокаты аял Канадага жетип, эки кызынын жанында экенин билдирди. Бибинин эки кызы бул өлкөдөн башпаанек алган.

Беш баланын энеси, 54 жаштагы христиан аял «пайгамбарга акарат келтирген» деп айыпталган. Ал 2009-жылы июнда камакка алынып, бир жылдан кийин райондук сот өлүм жазасына өкүм кылган. Райондук соттун өкүмүн 2014-жылы Жогорку соттун Лахор шаардык бөлүмү да күчүндө калтырган. Бирок Бибинин адвокаты апелляциялык арыз менен кайрылгандыктан эң жогорку жазаны аткаруу убактылуу токтотулган. Ал эми былтыр октябрда Жогорку сот христиан аялды актаган.

Бирок буга каршы болгон ашынган динчилдер бир канча шаарда нааразылык акцияларын уюштуруп, полиция менен кагылышкан жана ал Карачи, Лахор шаарларында башаламандык менен коштолгон.

Бир катар Батыш мамлекеттери жана эл аралык уюмдар Исламабадды Асия Бибини бошотууга жана анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылууга үндөшкөн.