Бишкекте «Европада бир күн!» аттуу маданий-агартуу иш-чарасы өтөт. Ага Евробиримдик каржылаган 10 долбоор жана Германия, Франция, Белгия, Эстония, Финляндия, Швеция, Италия, Австрия, Латвия, Словакия, Испания, Венгрия мамлекеттеринин элчилери, өкүлдөрү катышат.
Бул тууралуу Европа кеңешинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Аскар Эркебаев «Азаттыкка» кабарлады.
Европада 9-май «Европа күнү» катары белгиленип келет. Бишкекте экинчи жолу уюштурулуп жаткан иш-чара чет өлкөлүк жана жергиликтүү эстрада ырчылардын концерти менен коштолот. (КЕ)