Аргентинада улуттук баатыр аял Эвита Перондун 100 жылдыгы белгиленди

Эвита Перон күйөөсү, өлкө президенти Хуан Перон менен. 1946-жыл

Аргентинада жүздөй аял улуттук баатыр, өлкө тарыхындагы эң атактуу аял Эвита Перондун 100 жылдыгын белгиледи.

Алар Эвита Перонго окшош кийинип, жүрүшкө чыгышты. 1952-жылы 33 жашында өсмө илдетинен курман болгон Перон ошол кездеги президент Хуан Перондун жубайы болгон. Ал аргентиналык аялдардын шайлоого катышуусу үчүн күрөшүп, профсоюздарды колдоп, кайрымдуулук иштери менен алектенип элдин жүрөгүнөн түнөк тапканы менен белгилүү. Ошол эле маалда акцияга чыккандар мурдагы президент Кристина Фернандес де Киршнердин кайра бийликке келишин колдошту.

Алар Эвита Перон менен Киршнер экөө тең аялдардын укуктарынын корголушуна чоң салым кошкон деп эсептешет. Бийликти күйөөсү Нестор Киршнерден өткөрүп алган Кристина өлкөнү 2007-жылдан 2015-жылга чейин башкарган. Ал быйыл өтө турган шайлоого ат салышса, азыркы президент Маурисио Макринин башкы атаандашы болору күтүлүп жатат.