Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясы 9-июнга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо ишин аяктады. Шайлоого расмий жети талапкер катыша турган болду. Башында саясий партиялардан жана коомдук уюмдардан тогуз адам сунушталган. Алардын ичинен Талгат Ергалиев талапкер болуудан баш тартса, Жуматай Алиев тил сынганынан кулап калган.
Эми шайлоого жети талапкер катыша турган болду.
Алар:
“Улуу талаа кыраандары” биримдиги сунуштаган, 64 жаштагы Сади-Бек-Түгөл;
Кесиптик кошуундар федерациясы сунуштаган, 59 жаштагы Амангелди Таспихов;
Парламент депутаты, жалгыз аял таларкер, “Ак жол” партиясынан сунуштаган Дания Еспаева;
Бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын талапкери, 65 жаштагы утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев;
“Айыл” партиясынан сунушталган, 54 Төлеутай Ракымбетов;
Казакстан коммунисттик партиясынын талапкери, 58 жаштагы Жамбыл Ахметбеков;
«Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, 54 жаштагы Амиржан Косанов.
Оппозициянын айрым өкүлдөрү болсо добуш берүүнү бойкоттой турганын билдиришкен.
1-майда Казакстандын айрым шаарларында уруксат берилбеген митингдер өтүп, анда шайлоону калыс өткөрүү жөнүндө талап коюлган. Айрым митингчилер административдик жазага тартылган.
Коңшу өлкөнү 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев быйыл мартта кызматынан кетерин жарыялап, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Сенаттын спикери Токаевге өткөн. Батыш байкоочулары Казакстандагы буга чейинки бир да шайлоону эл аралык стандарттарга ылайык өттү деп тааныган эмес.