Сөз эркиндигин коргоо комитети: Президент журналистти колдоп берсин

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоо комитети журналист Ыдырыс Исаковду колдоп президентке жана Жогорку сотко кайрылуу жиберди.

Кайрылуу ээлери «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков коррупцияга каршы жүргүзгөн иликтөөсү үчүн 50 млн. сомдук доосу менен сотко берилгенин белгилешкен. Муну менен бирге алар мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевадан журналистти колдоп жана коргоп берүүнү өтүнүшкөн.

«Коррупцияга баткан өлкөлөрдө иликтөөчү журналисттердин өмүрү жана саламаттыгы, алардын үй-бүлөсүнүн коопсуздугу коркунучта болот. Маркум Уланбек Эгизбаевдин илктөөлөрдөн кийин кокусунан өлүмгө дуушар болушу да коомчулукта шек жаратканы белгилүү. Ошондуктан, Ыдырыс Исаковду колдоо менен сиздер Кыргызстандагы сөз эркиндигин, иликтөөчү журналистиканы колдогон болосуздар. Аны менен сиздер элдин кызыкчылыгы тарабында экениңиздер белгилүү болот», деп айтылган кайрылууда.

17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналист Ыдырыс Исаковду коргоого чакырды. Маалымат өкүлдөрү президенттин билдирүүлөрүндө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, жемкорлукка барган адамдар коомчулуктун алдында ашкереленерин айткан убадасын эске салып, андан бул ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүшкөн. (ZKo)