Бүгүн, 6-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркиядагы расмий сапары башталды.
Тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлагандай, сапар Түркиянын башкы дипломаты Мевлют Чавушоглунун чакыруусу боюнча уюштурулууда.
Сапардын алкагында Айдарбеков өлкө жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана Түркиядагы диаспора өкүлдөрү, мекендештер менен жолугат.