Мамлекет башчылыгына шайлоодо талапкер катары «Ак жол» партиясынан Дания Еспаева көрсөтүлгөн. Анын талапкерлигин колдоп, 140 миңден ашуун шайлоочу кол коюп берген. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Еспаеваны талапкер кылып каттады.
Дания Еспаева 58 жашта. Мурунку жылдары түрдүү банктарда жетекчи кызматтарда иштеген. 2016-жылдан тартып парламентте депутат.
Казакстандагы президенттик шайлоого катталган талапкерлердин саны тогузга жетти. Талапкерлерди каттоо бир жумадан кийин аяктайт.
Казакстандагы кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда болот. Шайлоо өлкөнү 30 жылдан ашуу башкарып турган мурдагы президент Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткенден кийин дайындалган.
Учурда казак президентинин милдетин Сенаттын мурунку башчысы Касым-Жомарт Токаев аткарууда. Ал да президенттикке талапкерлердин бири.