Түндүк Корея тактикалык ракетасын сынады

Түштүк кореялыктар кошунасынын баллистикалык ракета сынап жатканын теледен карап отурушат. Август, 2017-жыл.

Тактикалык ракета ишемби күнү таңга маал Вонсан районундагы полигондо сыналганын Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги маалымдады. Министрлик сыноо боюнча маалыматтар чогултулуп жатканын да кабарлады.

Апрель айынын ортосунда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "күчтүү дүрмөттүү тактикалык башкаруудагы куралын" сыноого катышкан. Америкалык эксперттер бул сыноолорду Корей жарым аралын денуклеризациялоо боюнча натыйжасыз сүйлөшүүлөрдүн фонунда Пхеньян тараптан Вашингтонго басым катары баалашууда.


Февралдагы АКШ - Түндүк Корея саммити майнапсыз болду, анткени Ким Чен Ын АКШнын санкцияларды жеңилдетүү үчүн ракеталык-өзөктүк долбоорлорун токтотуу сунушуна макул болгон эмес. Пхеньяндын маалымат каражаттары "батыштын басымына баш ийгенден көрө, өлкө эли аба жана суу менен жашоого даяр" экенин жазып чыккан.

Түндүк Корея 2017-жылдын ноябрынан бери өзөктүк куралдарды жана алыска атуучу баллистикалык ракеталарды сыноону токтоткон.

АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин алгачкы жолугушуусу 2018-жылы июнда Сингапурда өткөн. Бул кездешүүдө Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу жараянын баштоого убада бергени кабарланган. Бирок адистер Пхеньян өзөктүк куралдарды чыгарууну улантып жатканын билдирип келет.