Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 3-майда Касым-Жомарт Токаевди президенттикке талапкер катары каттады.
Расмий маалыматка ылайык, Токаевдин ишенимдүү өкүлдөрү Казакстандын бардык 17 аймагынан 315 910 кол топтошкон. Алардын 313 653ү жарактуу деп табылды. Шайлоо мыйзамы боюнча, президенттикке талапкер 118 140тан кем эмес кол топтошу керек.
Токаев 9-июнга белгиленген президенттик шайлоого катышууну көздөгөн жети талапкердин ичинен биринчи болуп каттоодон өттү.
Казакстанды 30 жыл башкарган Назарбаев мартта ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин парламенттин ошол кездеги спикери Касым-Жомарт Токаев убактылуу президент болуп дайындалган. Назарбаев төрагалык кылган бийликтеги "Нур-Отан" партиясы 23-апрелде Токаевди президенттикке аттандырган.
1-майда Алматы менен Нур-Султан шаарларында жүздөгөн адам нааразылык акциясына чыгып, бийликтен таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.