Бишкекте Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин жыйыны өтүүдө

Кыргызстан элинин ассамблеясынын жыйыны.

Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 3-майда Кыргызстан элинин ассамблеясынын түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата иш-чара өтүп жатат.

Ага Кыргызстандагы ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү, президент Сооронбай Жээнбеков жана бийлик өкүлдөрү катышууда.

Өлкө башчы жыйында сүйлөп жатып Кыргызстандын аймагы байыркы замандардан бери эле түрдүү улуттар, маданияттар, диндер байырлаган жер болгонун айтты.

- Биздин жергебиз миң жылдар бою толеранттуу жашоонун, тил табышып бир чечимге келүүнүн, тышкы душмандарга бирге каршы туруунун мекени болуп келген. Биздин чөлкөмдө соода кербен жолдору өтүп, тилдердин, диндердин, маданияттардын карым-катнашы өнүккөн, - деди Жээнбеков.

Кыргызстандын жарандарынын 73 пайызынан көбүн кыргыздар түзөт. (BTo)