Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Пакистандын аймагында аракеттенген «Жайшуль Мухаммад» тобунун башчысы Масуд Азхарды эл аралык террорчулардын тизмесине кошту. Ушул топ 14-февралда талаштуу Кашмир аймагында индиялык 40 полиция кызматкеринин өмүрүн алган чабуул үчүн жоопкерчилик алган.
Индия Пакистанды террорчуларды колдойт жана өз аймагына жашырып келе жатат деп айыптап келет.
БУУнун комитети өз чечиминде Кашмирдеги окуяны белгилеген эмес. Бирок Азхар «Жайшуль Мухаммад» тобунун террордук аракеттерин каржылоого, пландоого, даярдоого жана ишке ашырууга аралашары көрсөтүлгөн.
Аталган топ «Аль-Каида» террордук тобу менен да байланышы бар экени айтылып келген.
«Жайшуль Мухаммад» тобу өзү болсо БУУнун кара тизмесине 2001-жылы эле киргизилген. Масуд Азхар аны 1999-жылы Индиянын түрмөсүнөн бошонуп чыккандан кийин негиздеген.