Бишкектин «Дордой» клубу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун үчүнчү турунда Тажикстандын чемпиону «Истиклолго» жеңилди. Беттеш 1-майда Дүйшөнбү шаарындагы борбордук стадиондо өтүп, 4:1 эсебинде талаа кожоюндарынын пайдасына аяктады.
Биринчи таймда «Дордой» командасынын дарбазасына эки ирет пенальти коюлду. 15-мүнөттө Айбек Сакенов айып аянтчасында «Истиклолдун» оюнчусу Мухаммаджон Рахимовго каршы эреже бузуп, коюлган пенальтини Алишер Жалилов дарбазага таамай киргизди.
Экинчи пенальтини дарбазачы Валерий Кашуба алып келди. Ал чабуулда келе жаткан Шахром Самиевге карата эреже бузган. Фатхулло Фатхуллаев пенальтиден дагы бир гол киргизди. «Дордой» клубунан Мирлан Мурзаев жалгыз гол киргизип, биринчи таймда эсеп 2:1 менен жыйынтыкталды.
Экинчи таймдын башында үй ээлеринен Михайло Чакич (49-мүнөттө) жана аягында Шахром Самиев (81-мүнөттө) эки гол киргизип, оюн 4:1 эсеби менен жыйынтыкталды.
АФК кубогунун группалык оюндарында «Дордой» «D» тайпасында Түркмөнстандын «Алтын-Асыр», Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужант» командалары менен ойноп жатат.
Буга чейин «Дордой» Түркмөнстандын чемпиону «Алтын-Асыр» менен Бишкекте 1:1 эсебинде тең чыкса, 2-турда тажикстандык «Хужант» командасына 3:1 эсебинде жеңилген.
Үч оюндун жыйынтыгы менен «Дордой» бир гана упай менен тайпада акыркы тепкичте турат. Сап башына үч оюнда жети упай топтогон «Истиклол» жайгашса, экинчи тепкичте төрт упайы менен «Хужант» командасы келе жатат. Үч оюндун баарында тең чыккан «Алтын-Асыр» 3-катарда.
«Дордой» командасы 15-майда, Бишкекте «Истиклол» командасы менен жооп иретинде оюнун көткөрөт. Ал эм АФК кубогунун «D» тайпасындагы оюндары 26-июнда жыйынтыкталат. (GT)