Комитет: Кызыл-Омпол маселесинде инвесторду колдош керек (видео)

Эмил Осмонбетов.

Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Кызыл-Омпол кенине байланыштуу инвестор компанияны колдойт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов билдирди.

- Кызыл-Омпол боюнча биздин позиция - негизи инвесторду колдошубуз керек. Бирок эгер мыйзамсыз иш болсо, анда токтотобуз. Кызыл-Омполдогу уранды алып чыгып кетиш керек, - деди Осмонбетов.

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык акциялары уланып жатат. Бишкекте, Балыкчыда катар-катар митингдер өттү.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-апрелде Тоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан.

22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. (BTo)