Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Суудагы иш-чарага катышканы тууралуу журналисттердин суроосуна кыскача жооп берди.
Ал биринчиден, Райымбек Матраимовго эмес, Искендер Матраимовго барганын айтып, «экинчиден, ал эс алуу күнү болчу, жеке сапарым» деди.
1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага жоон топ бийлик өкүлдөрүнүн барганы талкууга түшүп жатат.
Белгилүү болгондой, учурда кыргыз өкмөтү Райымбек Матраимов менен соттошууда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деп негиздеген.
2018-жылы апрелде ал «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду колдогон чечим чыгарган. Азыр иш шаардык сотто жатат. (BTo)