Казакстанда шайлоого бойкот жарыялоого үндөгөн акциялар өтүп жатат

Казакстан. Нур-Султан шаары. 1-май, 2019-жыл.

Казакстандын мартта аталышы өзгөртүлгөн баш калаасы Нур-Султан менен Алматы шаарларында алдыдагы президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырыктар ташталууда.

Алматынын Борбордук эс алуу багы менен Нур-Султандагы конгресс-холлдун имаратынын жанында 1-майда ондогон кишилер чогулганын «Азаттыктын» казак кызматы билдирип, акцияны Интернетте түз алып чагылдырууда. Маалыматка караганда, топтолгондор 9-июнга белгиленген президенттик шайлоо тууралуу ойлорун билдирип жатышат.

Алматыда чогулгандар «Нур-Султан – менин борборум эмес, Токаев – менин президентим эмес, Дарига – Сенаттагы менин спикерим эмес», «Уят!», «Бойкот!», «Менин тандоо укугум бар!», «Саясий туткундарга эркиндик!» деп кыйкырып турушат. Алар Казакстанда атомдук электр станциясынын курулушуна каршылыгын да айтып, бийликти «элди алдаган саясат жүргүзүп жатат» деп сынга алышты. Акцияга полиция көз салууда. Азырынча эч ким кармала элек.

Нур-Султанда ондогон киши «Бойкот», «Эл тажады!», «Өкмөт кетсин!» деген чакырык таштап, мындан тышкары 21-апрелде 15 күнгө камакка алынган активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбековдун баннериндеги «Чындыктан кача албайсың!» деген сөздү кайталашты.

Казакстанда бул эки активисттин камакка алынышы чоң резонанс жаратып, жергиликтүү бир катар жарандар аларга колдоо көрсөтүп келе жатышат. Чехияда, Францияда, Британияда, Грузияда жашап-окуган казакстандыктар, студенттер аталган мамлекеттердеги казак элчилигинин алдында акцияга чыгып, активисттердин камалышын айыпташты.

Нур-Султандагы Сары-Арка районунун акими Ергали Егимберды акция өтүп жаткан жерге келип, анын катышуучуларына бул чогулуш мыйзамсыз экенин айтты. Бирок топтолгондор тарап кетүүдөн баш тартып, тынч жыйын өткөрүүгө укуктуу экенин билдиришти.

«Азаттыктын» кабарчылары баш калаада айрым кишилерди полиция кармаганына күбө болушту. Аны чагылдырып жүргөн журналист Сания Тойкендин телефонун жарандык кийимдеги белгисиз кишилер тартып алышты. ​

Буга чейин чет мамлекетте жашаган оппозиционер Мухтар Аблязов өз тарапкерлерин 1-майда тынчтык акциясына чыгып, президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнда өтөт. Ага 8 талапкер катышканы жатат. Арасында утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев да бар.

«Нур-Отан» партиясынын лидери, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Мамлекетти 30 жыл башкарган Назарбаев мартта ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин парламенттин ошол кездеги спикери Касым-Жомарт Токаев убактылуу президент болуп дайындалган. Назарбаевдин тун кызы Дарига Сенаттын төрайымы болуп калган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы 29-апрелде элге кайрылып, уруксат берилбеген митингдерге катышкандар жоопко тартыларын эскерткен.​