Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыктын» «Эки-бир» форматындагы маегинде Өмүрбек Текебаевдин иши үч вариантта каралышы мүмкүн экендигин айтып, «соттун чечими саясатка байланышы жок» деп билдирди.
Гүлбара Калиева Текебаевдин иши боюнча ага бир катар коомдук ишмерлер кайрылып, «бул саясий куугунтук, жардам бергиле» деп суранышканын айтты:
- Мен ошондо түшүндүргөм. "«Жардам бергиле» деп сурабай, «бул иш мыйзам чегинде кандай каралат, келечеги кандай каралышы керек» деген суроо берсеңер, мен мыйзамга таянып түшүндүрүп берем" деп айткам. Текебаевдин иши үч вариант менен каралышы мүмкүн. Азыркы материалдардын негизинде жаңы жагдайлар боюнча. Бул декриминализация, гуманизация боюнча. «Жаңы ачылган жагдайлар» деген ал таптакыр башка. Ал «ошондо каралып жатканда бар болчу, бирок белгилүү эмес болчу» дегенди билдирет. Үчүнчү жагдай - азыркы мөөнөттөрүн эсептегенде боштондукка кандай чыгат дегендей. Ошонун баарын туура түшүндүрүш керек да.
«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура андан баш тарткан.
Жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кылмыш ишин кайра кароо тууралуу өтүнүч менен 15-февралда «Адилет» укуктук клиникасы Жогорку сотко кайрылган. Иш кайра карала турганы март айында белгилүү болуп, 23-апрелге белгиленип, кийин 3-майга жылдырылган. (KR)