Майрамга карата Балыкчыда майыптардын марафон жарышы өтөт

Бишкекте майып жарандардын укугун коргоого чакырган «Мени ук!» акциясына чыккандар. Алар БУУнун Майып жарандардын укугу тууралуу конвенциясын ратификациялоону талап кылган. Сентябрь, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

1-майда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында майыптар арасында марафон өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.

Парамарафондо Даун синдромунан жабыркагандар 500 метр, баса албагандар араба менен 1500 метр, азиздер жандоочусу менен 3000 метр, дүлөйлөр 4000 метр аралыкка жарышат.

Мындан сырткары марафонго дени сак жарандар да катышат. Анда 16 жаштан 40 жашка чейинкилер 5000 метр, 40 жаштан жогорулар 3000 метр аралыкка чуркашат. (ErN)