Армения: экс-президентке үч млн. доллар пара алган деген айып коюлду

Роберт Кочарян.

Арменияда мурдагы президент Роберт Кочарянга 30-апрелде өтө чоң өлчөмдө пара алган деген айып коюлду. Башкы прокуратуранын маалыматында экс-президент кен казууга уруксат бериш үчүн ишкер Силва Амбарцумяндан 3 миллион доллар пара алган деп күнөөлөнгөн. Материалдар сотко жиберилгени кабарланды.

Армениянын экинчи президенти Роберт Кочарян 1998-2008-жылдары өлкөнү башкарган. Ал «2008-жылы конституциялык түзүлүштү кулатууга аракеттенген» деген айып менен камакта отурат.

Экс-президент өткөн жылдын 28-июлунда камакка алынып, көп өтпөй бошотулган. 7-декабрда кайра камалган.

2008-жылдын февралында президенттик шайлоодо Серж Саргсян жеңишке жеткен соң Арменияда жапырт нааразылык акциялары башталган. Ошол кездеги президент Кочарян өзгөчө кырдаал режимин киргизип, демонстрацияны таратууга армия да тартылган. 1-марттын таңында аянтта түнөгөн митингчилерге чабуул коюлган. Кагылыш учурунда бир жоокер жана тогуз демонстрант мерт болуп, жүздөгөн адам жабыркаган.

Роберт Кочарян тынч демонстрацияны таратууга армияны тартканы үчүн «конституцияга каршы аракеттенген» деп айыпталган.