Жапониянын императору тактан расмий баш тартты

Акихитонун тактан баш тартуусу. Жапония. 30-апрель, 2019-жыл.

Жапониянын императору Акихито 30-апрелде тактан расмий баш тартты. Эртең менен анын кетишине байланышкан бардык диний жөрөлгөлөр Касикодоро синтоисттик храмында өттү. Император өзүнүн тактан четтей турганын айтты.

Ал эми расмий иш-чаралар Токиодо императордун сарайында болду. Он мүнөткө созулган салтанатка Акихитонун жубайы Митико, мураскер канзаада Нарухито жана Жапониянын бардык бийлик бутактарынын, жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жалпысынан 300дөн ашуун киши катышты.

85 жаштагы Акихито император катары акыркы сөзүн сүйлөдү. Анын ордун баса турган уулу, канзаада Нарухито 1-майда такка отургандан кийинки жаңы императордун башкаруу доору «Рэйва» деп аталат. Бул сөз ийгилик, тынчтык, гармония, бейкуттук дегенди түшүндүрөт.

Жапон жылнамаасы жаңы императордун тактыга отурушу менен башталат. 30 жыл мурда Акихито такка отурганда «Хэйсей» доору башталган. Жаңы доордун аталышы Жапонияда эң маанилүү окуя жана чоң шаан-шөкөт менен коштолуп келет.

Негизи Жапонияда Акихитонун такты өткөрүп берээри эки жылдан бери айтылып келаткан.

2017-жылы жапон парламенти императорго тактыдан баш тартууга уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алган. Муну менен акыркы 200 жыл ичинде биринчи жолу император тактыдан баш тартып, ага мураскердин отурушуна шарт түзүлгөн. Нарухито 59 жашта, ал Жапониянын 126-императору болуп калмакчы.