Бишкекте уран кенин иштетүүгө каршы акция өтүп жатат

Бишкекте уран кенин иштетүүгө каршы өтүп жаткан акция. 30-апрель, 2019-жыл.

Уран кенин иштетүүгө каршы кечээ, 29-апрелде Балыкчы шаарында митингге чыккандар нааразылык акцияны бүгүн Бишкек шаарынын Горький гүлбагында улантып жатышат.

Акцияга чыккандардын бири Марат Акатов жергиликтүү тургундар уран казууга каршы болуп Балыкчыдан бери келишкенин айтты:

«Бул жалгыз эле Ысык-Көл, Нарын облусунда жашагандардын көйгөйү эмес. Бүт кыргыз элинин көйгөйү. Эгер уран кени ачылса Ысык-Көлдө туризм токтойт. Ошондуктан өкмөтсүз эле оокат кылып аткан элдин турмушуна кыйын болот».

29-апрелде Балыкчыда митингге чыккандар Бишкекке чейин жөө жүрүшкө чыгышарын айтышкан. Бирок Балыкчы шаардык соту ага тыюу салган.

26-апрелде да Кыргызстандын аймагында уран казууга каршы акция өткөн. Анда резолюция кабыл алынып, бийликке «Кыргызстанда уран жана башка радиоактивдүү материалдарды казуу жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алуу; Жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузган жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо; Ошондой эле уран кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттерге кысымды токтотуу» деген талаптар коюлган. (BTo)