Автоунаага сүйрөлгөн баланын акыбалы көзөмөлгө алынат

Машине менен сүйрөлүп, сабалган өспүрүм.

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде өспүрүм баланы жакын тууганы машинеге байлап сүйрөп, сабаган окуя катталды.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 27-апрелде баш калаадагы «Алтын казык» жаңы конушунда 1986-жылы төрөлгөн адам 2010-жылы туулган өспүрүмдү сабап, машинеге сүйрөп жүргөнү аныкталган.

Окуя болгон жерге ички иштер кызматкерлери барып, өспүрүмдү шаардагы балдардын тез жардам ооруканасына жеткиришкен. Аны сабаган адамды «Бейбаштык» беренеси менен кармашкан. Окуяны териштирүү учурунда баланын атасы жок, энеси Орусияда миграцияда жүргөнү белгилүү болду. Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Данияр Шайбековдун айтымында, өспүрүмдүн акыбалы азыр жакшы.

«Балдарды коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова бул окуя көзөмөлгө алынып, балага укуктук жардам берилерин «Азаттыкка» билдирди. (BCh/KR)