Түркмөн президенти аргымагына арналган рэп аткарды

Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов «Ровач» аттуу сүйүктүү аргымагына арнап ыр жазды.

Небереси Керимгулы экөө аткарган рэп ишемби-жекшембидеги ахалтекин жылкысынын урматына өткөрүлгөн Улуттук майрамда ырдалды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент аргымагына ыр арнады

Өткөн аптадан тартып түркмөн президенти «кебете-кешпирин өзгөртүп», көз айнек тагына баштады. Ушундан соң өлкөдөгү бардык мамлекеттик маалымат каражаттары президентти көз айнекчен гана көрсөтүп, сүрөтүн басып жатканын «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Маалыматка караганда, Бердымухамедов кебете-кешпирин өзгөрткөн сайын өлкөдөгү бүт мекемелердеги анын портреттери да алмаштырылып турат. Президент былтыр чачын капкара түскө боегонду токтотуп, буурул чачы менен коомчулукка көрүнө баштаган.