Берлинде Сербия-Косово мамилеси талкууланат

Косовонун президенти Хашим Тачи (оңдо), Сербиянын президенти Александар Вучич (солдо) жана Евробиримдиктин тышкы саясат башкармалыгынын башчысы Федерика Могерини (ортодо). Брюссел. Ноябрь, 2018-жыл.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркел Сербия менен Косовонун ортосундагы диалогду калыбына келтирүү маселесин талкуулаш үчүн 29-апрелде Берлиндеги саммитте кездешет.

Жолугушууда аймактагы туруктуулук, өзгөчө Сербия менен Косовонун диалогун калыбына келтирүүнүн жолдору карала турганын француз президентинин администрациясы билдирди.

Сербия менен Косовонун ортосунда Евробиримдик ортомчулук кылган сүйлөшүүлөр былтыр «бул эки мамлекеттин чек аралары өзгөрүшү мүмкүн» деген маалыматтар чыгып, кескин сынга алынгандан кийин токтоп калган.

Ноябрда Косово серб товарларына 100 пайыздык тариф киргизген. Премьер-министр Рамуш Харадинай Белград Косовонун эгемендигин таанымайынча бул салык алынбай турганын айткан.

Өз кезегинде Белград «мындай тарифтер жокко чыгарылмайынча Косово менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт» деген жооп кайтарган.

Мурда Сербиянын провинциясы болгон Косово 2008-жылы өзүн эгемен мамлекет деп жарыялаган. Анын өз алдынчалыгын дүйнөнүн 110дон ашык өлкөсү тааныган. Сербия аны дагы эле өз аймагы деп эсептейт. Азыр экөө тең Евробиримдикке кирүүгө умтулууда. Бул үчүн эки тарап тең мамилесин жөнгө салууга тийиш. Сербиянын президенти Александр Вучич өткөн аптада Бээжиндеги сапарында «Приштина менен кантип жана эмне тууралуу сүйлөшүү керек экенин түшүнбөй турам» деп билдирди.

Косовонун президенти Хашим Тачи «Берлин саммити мүмкүнчүлүктөрдү ачышы, ошол эле кезде иренжитиши мүмкүн экенин» белгиледи.

Берлиндеги жолугушууга Албаниянын президенти жана премьер-министри да катышары күтүлүп жатат.