Балыкчыдагы митингчилер Бишкекке келишет (видео)

Уран кенин иштетүүгө каршы чыккандар жөө жүрүшкө чыгышты. Балыкчы шаары. 29-апрель, 2019-жыл.

Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы тынч митинг аяктап, катышуучулар жөө жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы Асеин Маданбеков билдирди.

Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө Балыкчы шаарынын мэриясы уруксат берген эмес. Андыктан милиция кызматкерлери адегенде жөө жүрүшкө чыккандарды токтотууга аракет кылышкан, бирок кийин кайра тоскоол кылбастан, тартипти сактоого чакырып, жолду бошотуп беришкен.

Жөө жүрүштүн 500гө жакын катышуучусу Балыкчы шаарынын мэриясынан чыгып, шаардын автобекетин көздөй басышкан. Ал жактан алар таксиге отуруп, Бишкекке келип, митингди баш калаадан уланта турганын ишарат кылышты.

Буга чейин 26-апрелде Бишкекте уран казууга каршы болгондор митингге чыгышкан. (AsM)