Кыргызстандагы «Жашылдар» партиясынын уран кенине байланыштуу нааразылык акциясын Ала-Тоо аянтына өткөрүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу партиянын төрагасы Эркин Бөлөкбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Биринчи май райондук соту борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим чыгарган. Сот 30-апрель күнү Ала-Тоо аянтында башка иш-чара өткөрүлөөрүн жүйө кылып, «Жашылдар» партиясына Горький гүлбагында акция өткөрүүнү сунуш кылган. Бирок партиянын лидери Эркин Бөлөкбаев тыюуга карабай Ала-Тоо аянтына акция өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.
«Жашылдар» партиясы өлкө аймагында уран кенин иштетүүгө таптакыр тыюу салуу жана ага уруксат бергендерге кылмыш ишин козгоо талабы менен нааразылык акциясында чыгат.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-апрелде Тоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан. 22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган.