Орусия: Кыргызстандык жаран кыйноого кабылганын жазган басылма соттон утулду

Хуснидин Зайнабидинов.

Москванын Басман райондук сотунда Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) «Новая газета» басылмасын анын кыйноо тууралуу жазган макаласы боюнча утуп алды. Бул тууралуу «Новая газета» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Басман райондук соту басылмадагы кыйноо боюнча жазылган кабар Федералдык коопсуздук кызматын каралоого жатат деп таап, редакцияны макаланы өчүрүүгө жана аны кайра төгүндөп жазууга милдеттендирген. «Новая газета» соттун чечимине каршы кайрадан арызданарын маалымдайт. Басылма кыйноо сыяктуу темаларды жазып чыгуу маанилүү экенин белгилейт.

Кыргызстандын жараны Халимахон күйөөсү Хуснидин Зайнабидинов 16-январда Орусиянын коопсуздук органдары тарабынан камакка алынып, кыйноого кабылганын бир катар массалык маалымат каражаттарына айтып чыккан. Хуснидин Зайнабидинов аялына күч органдары аны Магнитогорскидеги үйдүн жарылышына тиешеси бар деп шек санап, ага белгисиз адамдардын сүрөтүн көрсөтүп, аларга каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын айтып берген. Ал полиция бөлүмүндө алты саат бою кыйноого кабылганын билдирген.

31-декабрда Магнитогорскиде көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, 39 адам мерт болгон. Анда он кабат үйдүн бир подъезди толугу менен урап түшкөн. Эртеси, 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай жерде «Газел» үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши өлгөн.

Бул окуялар үчүн 18-январда «Ислам мамлекети» тобу жоопкерчилик алып, бирок расмий Москва муну четке каккан. Орусиянын Тергөө комитети көп кабаттуу үйдөгү жарылуунун башкы себеби катары мурдагыдай эле газ түтүгүнүн бузулушу каралып жатканын билдирген. (TSh)