Судан: армия менен оппозиция бирдиктүү кеңеш түзмөй болушту

Судандагы нааразылык акциялары. 13-апрель, 2019-жыл.

Судандын аскердик жетекчилери менен оппозиция лидерлери эки тараптын өкүлдөрүнөн турган бирдиктүү башкаруучу кеңеш түзмөй болушту.

- Биз жарандык коомдун жана армиянын өкүлдөрүнүн биргелешкен кеңешин түзүүнү макулдаштык, - деп билдирди 27-апрелде демонстранттардын лидери Ахмед ал-Рабиа.

Мындай чечим эки тараптын өлкөнү дээрлик отуз жыл башкарган Омар ал-Башир кызматтан четтетилгенден берки биринчи расмий сүйлөшүүсүндө кабыл алынды. Бирок азырынча жаңы түзүлө турган кеңешке эки тараптан канча киши мүчө болоору айтыла элек.

Суданда Башир элдик толкундоолордун натыйжасында камалгандан кийин Өткөөл аскердик кеңеш түзүлгөн.

Бир жума мурда оппозиция лидерлери бул кеңешти тааныбай турганын билдирип, убактылуу бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүнү токтотушкан. Алар тарапкерлерин бийлик жарандык өкмөткө өткөрүлүп берилмейинче нааразылык митингдерин күчөтө берүүгө чакырышкан болчу.