Испанияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат

Испания.

Испанияда бүгүн 28-апрелде кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жыйынтыгында Конгресске 350, Сенатка 208 өкүл шайланып келет. Добуш берүүчүлөрдүн саны 37 миллион испан жараны, алардын эки миллиону чет мамлекеттерде жашагандар.

Социологиялык сурамжылоолорго караганда, алдыда премьер-министр Педро Санчестин Социалисттик жумушчу партиясы келе жатат. Анын башкы атаандашы – консервативдик Элдик партия.

Үгүт өнөктүгү жүрүп жатканда оппозиция Педро Санчести каталониялыктарды «коштоп жатат» деп айыптаган, себеби ал аймактардын бийлик башчылары менен диалог жүргүзүү зарыл экенин айткан.

Каталониянын келечеги тууралуу маселе өкмөттүн жаңы курамын түзүүдө чечүүчү ролду ойношу ыктымал.

2017-жылы Испаниянын эң бай аймактарынын бири болгон Каталониянын жетекчилиги Мадриддин каршылыгына карабай эгемендик алуу боюнча референдум өткөргөн.

Аймактын парламенти талаштуу добуш берүүнүн жыйынтыгын жүйө кармап, Каталониянын эгемендигин жарыялаган. Испан өкмөтү бул кадамды мыйзамсыз деп баалап, каталон парламентин таркатып, жаңы шайлоо жарыялаган, жикчил жетекчилерге кылмыш иши козголгон. (RK)