№1 түзөтүү колониясында колго жасалган үч темир сейф табылды. Бул тууралуу бүгүн 27-апрелде “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
Сабатарованын айтымында, план боюнча 26-апрелде аталган колонияда жазасын өтөп жаткандарды жана алар жашаган жайларды текшерип, тинтүү иштери жүрдү.
Натыйжада үч темир сейфтен тышкары 48 бычак, үч WI-FI роутер, ичкилик чыгаруучу бир аппарат, 76 уюк телефон жана 340 грамм кара куурай табылды.
Абактан качып чыгуу үчүн казылган жолдор табылган жок.
Тинтүүнү Жаза аткаруу кызматынын 400 кызматкери жүргүздү.
Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, 11 жатак абак жана алты тергөө абагы бар. Аларда маал-маалы менен тинтүү жүргүзүлүп турат.
№1 абак Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан. Анда мурда да соттолгон 1000ге жакын адам отурат. (RK)