Шри-Ланка: Атышуу учурунда кеминде 15 адам мерт болду

Шри-Ланкада террордук чабуулдардан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Шри-Ланканын чыгышында атышуудан кийин турак үйлөрдүн биринен кеминде 15 адамдын сөөгү табылды, алардын алтоо балдар. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги маалымдады.

Атышуу жума күнү кечинде, баштапкы маалыматка караганда, өкмөттүк армия менен өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун ортосунда болгон.

"Ньюсферст" агенттиги ал турак үйдө жардыруу болгонун жазды.

21-апрелде Шри-Ланканын тарыхында биринчи жолу террордук чабуулдар жасалган. Коломбо, Негомбо жана Баттикалоа шаарларында жалпысынан сегиз жардыруу болуп, 250дөй адамдын өмүрү кыйылган.

Кылмышка шектүү катары 100дөй адам кармалды, алардын көбү "Ислам мамлекети" тобуна тиешеси бар экени айтылды.

Кечээ 26-апрелде Калмунай шаарында дагы үч жардыруу болду. Жай тургундардан эч ким жабыркаган жок, бирок полиция төрт жанкечтинин сөөгү табылганын кабарлады. (RK)