Британ канзаадасы Жаңы Зеландияда теракт болгон мечиттерге барды

Британ канзаадасы Уильям Аль-Нур мечитинде сүйлөп жатат. Жаңы Зеландия, Крайстчөрч шаары. 26-апрель, 2019--жыл.

Кембриждик герцог, британ канзаадасы Уильям 26-апрелде Жаңы Зеландиянын Крайстчөрч шаарындагы теракт болгон "Линвуд" жана "Аль-Нур" мечиттерине барды. 15-мартта бул эки мечиттеги кыргында кеминде 50 кишинин өмүрү кыйылган, 40ка жакыны жаракат алган.

"Аль-Нур" мечитинде сүйлөгөн сөзүндө канзаада жаңызеландиялыктар, анын ичинде мусулман коому менен бирге өмүрүнөн айрылгандар үчүн кайгырып, тирүү калгандарды чогуу колдоп турарын билдирди.

“Сүйүүнүн күчү дайыма жек көрүүчүлүктүн жаалын басып турарына бекем ишенем”, - деген канзаада Уильям Жаңы Зеландияга чоң энеси, Британия канышасы Елизаветанын атынан эки күнгө келген.

Жаңы Зеландиянын Крайстчөрч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде 15-мартта жума намаз маалында кыргын салып, адамдарга туш келди ок жаадырган киши 28 жаштагы Австралиянын жараны Брентон Таррант болуп чыккан. Анын үстүнөн кийинки сот отурум июнда өтөт.