Казакстан: президенттикке алты талапкер көрсөтүлдү

Бийликтеги "Нур-Отан" партиясы талапкерлигин көрсөткөн учурдагы президент Касым-Жоомарт Токаев менен эл башы Нурсултан Назарбаев. 23-апрель, 2019-жыл.

Казакстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү уланып жатат. 26-апрелде Казакстан элдик коммунисттик партиясы талапкер катары мажилис депутаты Жамбыл Ахметбековду чыгарды. Ал 2011-жылдагы шайлоого да катышып, расмий маалымат боюнча 1,36% добуш алган. Партиянын саясий кеңеши бул чечим “дыкат талкуулоодон кийин кабыл алынганын” билдирди.

Ушу кезге дейре Ахметбековду кошкондо президент болгусу келгендердин саны алтыга жетти. Алардын бири “Ак Жол” партиясынан көрсөтүлгөн аял талапкер. Арасында учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев да бар.

Жума күнү оппозициячыл Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы Алматыда курултай өткөрдү. Партиянын атынан чыгары күтүлүп жаткан журналист Эрмурат Бапи "президенттик шайлоого катышуунун кажети жок" деген негизде талапкер болуудан баш тартты. Натыйжада аталган партия бийликке ишенбестигин билдирип, шайлоого бойкот жарыялады. Партиянын 26-апрелдеги курултайында лидерлер алмашып, Жармахан Туякбайдын ордуна Ермурат Бапи шайланды.

Талапкерлерди көрсөтүү 28-апрелде, ал эми каттоо 11-майда жыйынтыкталат. Эгемен Казакстанда мартта мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган мурдагы президент, эл башы Нурсултан Назарбаевсиз өтүп жаткан алгачкы шайлоо 9-июнга белгиленген.