«Freedom House» казак бийлигин активисттерди бошотууга чакырды

Казакстандын Франциядагы элчилигинин алдына чыккан казакстандык студенттер. Париж. 24-апрель, 2019-жыл.

«Freedom House» эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбековду бошотууга чакырды.

Уюмдун билдирүүсүндө таза шайлоого чакырган баннер көтөрүп чыккандык үчүн камакка алуу катаал жаза экени айтылат. Ошондой эле мындай көрүнүш өлкөдө президенттик шайлоонун акыйкат өтүшүнө күмөн туудура турганы белгиленген.

Эки активист 21-апрелде Алматыдагы марафон учурунда таза шайлоого чакырык таштаган акция өткөргөндөн кийин «митинг уюштуруу жөнүндө мыйзамды бузган» деген айып менен 15 күнгө камакка алынган. Алар жөө күлүктөр чуркаган көчөнүн четинде «Чындыктан кача албайсың! Акыйкат шайлоо үчүн! Бизде тандоо бар!» деп жазылган баннерди көтөрүп турушкан.

24-25-апрелде Прага, Париж жана Тбилисиде камактагыларды колдогон акциялар өттү. Бул өлкөлөрдө окуган студенттер жана жашап-иштеген айрым казакстандыктар аларды бошотуу, таза шайлоого үндөгөн талаптар менен Казакстандын Чехия, Франция, Грузиядагы элчиликтеринин алдына чыгышты. Алар Казакстанда билим берүүнүн сапатын, саламаттык сактоо тармагын жакшыртууну, сөз эркиндигин да талап кылышты.

Буга чейин Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Төлесова менен Толымбековду «абийир туткуну»​ деп таанып, акцияны сүрөткө тартканы үчүн Сүйүнбийке Сулейменова, Айдос Нурбулатов, Айгүл Нурбулатованын айыппулга жыгылышын сынга алган.