Уран казууга каршы чыккандар резолюция кабыл алышты

Уран казууга каршы акция. 26-апрель, 2019-жыл.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында уран казууга каршы өткөн нааразылык акциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Анда бийликке «Кыргызстанда уран жана башка радиоактивдүү материалдарды казуу жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алуу; Жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузган жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо; Ошондой эле уран кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттерге кысымды токтотуу» талаптары коюлду.

Бүгүн, 26-апрелде борбордук аянтта болгон акцияда катышуучулар «Уранды эмес ууруларды казгыла!», «Урансыз келечек!», «Урансыз Ысык-Көл!» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Буга Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол кениндеги уран казуу иштерине байлыныштуу чыккаг чыр түрткү болду.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-апрелдеТоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан. (BTo)