Пакистан соту журналисттин күрөөгө бошотулган мөөнөтүн узартты

Шахзеб Жиллани.

Пакистандын соту журналист Шахзеб Жилланинин күрөөгө бошотулган мөөнөтүн 27-апрелге чейин узартты.

«Dunya News» телеканалынын иликтөөчү журналисти Шахзеб Жиллани «кибертеррорчулук» жана «Пакистандын абройлуу мекемелери тууралуу ушак-айың тараткан» деп айыпталууда.

25-апрелде Карачи шаардык соту Пакистандын Федералдык иликтөө агенттиги журналистке каршы сотко кайрылбаганын билдирди. Аталган орган Жилланинин үстүнөн полицияга 6-апрелде арыз жазган.

Өткөн аптада «Чек арасыз кабарчылар» уюму пакистандык журналистке каршы "атайлап бурмаланган айып коюлуп жатат" деп сындаган. Уюм бул иш пакистандык журналисттерди коркутуп-үркүтүү, оозун басууга багытталганын кабарлап, сотту Жилланиге коюлган айыптарды четке кагууга чакырган.

Буга чейин эл аралык BBC жана «Deutsche Welle» медиа уюмдарында иштеп келген Жиллани Пакистандын кубаттуу армиясын жана чалгын кызматтарын сындаган репортаждары менен белгилүү.

Пакистанда аскердик мекемелерди сындаган журналисттер жана блогерлер мурда да коркутуп-үркүтүүгө туш болуп келишкен. Айрымдары уурдалып же киши колдуу болгон учурлар да жок эмес.