AI казакстандык эки активистти «абийир туткуну» деп тааныды

Алматыдагы марафон маалында активисттер кармап турган баннер. Казакстан. 21-апрель, 2019-жыл.

«Amnesty International» (AI) эл аралык укук коргоо уюму казакстандык активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбековду «абийир туткуну» деп тааныды. Казак бийлигин экөөнү тез арада боштондукка чыгарууга чакырды.

Уюмдун билдирүүсүнө караганда, Казакстанда тынч жыйынга чогулуу укугу «катаал түрдө чектелет». Өз пикирин билдирип чыккан Төлесова менен Толымбековго «административдик да, кылмыш санкциялары да салынбашы керек болчу».

Эки активист Алматыдагы марафон учурунда таза шайлоого чакырык таштаган акция өткөргөндөн кийин «митинг уюштуруу жөнүндө мыйзамды бузган» деген айып менен 15 күнгө камакка алынган. Алар жөө күлүктөр чуркаган көчөнүн четинде «Чындыктан кача албайсың! Акыйкат шайлоо үчүн! Бизде тандоо бар!» деп жазылган баннерди көтөрүп турушкан.

«Amnesty International» уюму активисттерди сүрөткө тарткан үч кишинин акчалай айыпка жыгылышын да сындады.

Казак полициясы активисттер «марафон өткөрүүгө жолтоо болгондуктан кармалган» деп билдирген. Ал эми жакындары, тарапкерлери аларды соттоодо бурмаланган айыптар колдонулду деп эсептешет.