Абылгазиев: Тоо-кен тармагындагы саясатты өзгөртөбүз

Иллюстрациялык сүрөт.

Кен казган компанияларга берилген лицензияларга карата инвентаризация иштери аягына чыгып калды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде парламент жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Өкмөт башчы анын жыйынтыгы менен тоо-кен тармагындагы саясат өзгөрө турганын айтты.

- Азыр инвентаризация, талдоо жүрүп жатканына байланыштуу лицензия берилбей жатканы үчүн көп арыз-даттануулар болуп жатат. Ошого карап тоо-кен тармагында кайсы багытка кетип жатканыбызды аныктайбыз, ошого жараша саясатты өзгөртөбүз. Азыр бир жаңы саясат, жаңы стратегияны кабыл алабыз. Бул натыйжалуу болот деп ойлойбуз, - деди Абылгазиев.

Быйыл жыл башында өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин тоо-кен өнөр жайына арналган жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул тармак «коррупцияга белчесинен батып, мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кеткенин» билдирген. Президент лицензиялар туш келди берилип, шылуундардын ири бизнесине айланганы айтып, укук коргоо органдарын сындаган.

Бүгүн парламент өкмөттүн былтыркы иши боюнча отчетун угууну улантууда. Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко Коопсуздук кеңешинде коюлган тапшырмадан дайын жок болуп жатканын сындады. (КЕ)