Абылгазиев: Мамбетовго «орой сөздөрдү азыраак сүйлө» деп айттым (видео)

Алмаз Мамбетов.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Алмаз Мамбетовдун Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп дайындалышын сынга алып, буга чейин ага байланыштуу аудио жазуу тараганын айтты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутатка жооп берип жатып Мамбетовго «ыплас сөздөрдү азыраак колдон» деп эскерткенин билдирди.

- Кесиптешибиз Балыкчы шаарында санариптештирүү боюнча жакшы кадамдарды жасады. Анын ичинен элге мамлекеттик кызматты жеткирүү боюнча. Эми Интернетте жүргөн боюнча ага «жанагындай сөздөрдү азыраак колдон» деп айттым, - деди Абылгазиев.

Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп 19-апрелде дайындалган.

Мамбетов коомчулукка Балыкчынын орой мэри катары таанылган. 2017-жылы Балыкчынын мурдагы башчысы Сатыбек Шамшудиновди оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркутуп жаткан аудио жазуу Интернетке тараган. Шамшудинов телефон сүйлөшүүнү өзү жаздырып алганын, маектеши Мамбетов экенин ырастаган. (BTo)