Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов башында турган өкмөт мүчөлөрү Кызыл-Омпол уран кени жайгашкан Көк-Мойнок айыл аймагынын тургандары менен жолугушканы Тоң районуна жөнөп кетти.
Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште отчет берип жатып айтты.
- Кубат Айылчиевич, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушов болуп кетишти. Алар Тоң районунун эли менен жолугуп, уран кенин чалгындап жаткан ишкананын абалы менен таанышат, - деди Абылгазиев.
Өкмөт башчынын маалыматына караганда, уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын техникалык каражаттары 24-апрелден тартып кендин аймагынан чыгарыла баштаган.
Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ал 20-апрелде абал менен жеринен таанышкан.
Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай күчөгөндүктөн, өкмөт буга чейин анын иши убактылуу токтотула турганын кабарлаган.
Шаршембиде өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү кенди иштеткен «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын имараттары, техникалык каражаттары атайын мөөр менен бекитилгенин жарыялады.
Маселе жергиликтүү тургундар «экологияга зыян келет» деген негизде уран кенин иштетүүгө бир нече жолу каршы акция өткөргөндөн кийин коомчулуктун көңүлүн бурган. (BTo)