Сот Кулматов менен Ибраимовдун ишин бөлүп кароодон баш тартты

Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин караган Ленин райондук сотунун судьясы алардын ишин бөлүп кароо боюнча адвокаттардын өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу экс-мэрлер мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) кабарлады.

Сот мындай чечимин иштин мазмуну тууралуу кароо баштала элек болуп жатканы менен түшүндүрдү. Мунун алдында «Дастан» ишканасынын мурдагы директору Юрий Васильевдин адвокаты, ага жана Ибраимовго коюлган айып боюнча ишти өзүнчө кароо тууралуу өтүнүч киргизген.

24-марттагы отурумда айыпталуучулардын жакындары менен сакчылар айтыша кетишкени кабарланган. Соттук коллегиянын төрагасы Кубанычбек Касымбеков тынчтыкты талап кылып, ызы-чуу кылгандар бөлмөдөн чыгарыларын эскерткен.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «баш калаада мектеп салууга жумшалган эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы соттук отурумда кабыл алынган. (ErN)