Кытайдан келген 60 автобус пайдаланууга берилди (видео)

Кытай мамлекетинен алынып келген жаңы 60 автобус. Бишкек, Кыргызстан.

Кытай мамлекетинен алынып келген жаңы 60 автобус Бишкек шаарына жеткирилди. 24-апрелде аларды пайдаланууга берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Баш калаанын жетекчиси Азиз Суракматов билдиргендей, бул транспорт каражаттары газ менен жүрөт. Экологиялык жактан тазалыгы жана сарамжалдуулугу үчүн автобустун ушундай түрү тандалып алынган.

Мындан сырткары автобустар сыртын жана ичин тарта турган видеокамералар менен жабдылган. Автобустар ишке кирсе, электрондук билет менен камсыздалат. Транспорт шаарда жаңы ачылган №36 жана №48 каттамдар аркылуу жүрө баштайт.

2018-жылдын декабрь айында Бишкектин мэриясы газ менен жүрө турган 60 автобус сатып алуу боюнча 382​ миллион сомдук тендерди кытайлык ZHENGZHOU YUTONGBUS CO., LTD компаниясы 301,2 миллион сом менен утуп алган.

Бишкекте учурда 150 автобус иштеп жатат, 125и оңдолууда. Бишкек шаарын толук камсыз кылыш үчүн 800дөй автобус талап кылынат. (ErN)