Коррупционерлерден өндүрүлгөн каражатка 15 мектептин корпусу жаңыланат (видео)

Сооронбай Жээнбеков Сокулук районундагы Орок орто мектебинен кабар алып жаткан учуру. Чүй, Кыргызстан. 23-апрель, 2019-жыл.

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпус курулат. Бул тууралуу 23-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебине жана Бишкек шаарындагы №59 орто мектепке барганда айтты.

Жээнбеков мурда да бир нече мектепке барып, алардын абалын көргөн соң коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же кошумча окуу корпустарын курууга жумшалат деп убада берген.

Президенттик аппарат кабарлагандай, Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназия, №69 комплекс-гимназия, №72 гимназия, №54, №18, №59, № 16 орто мектептер, Чүй облусунда Новопавловка, Атбашы, Орок, Ч. Айтматов, Төмөнкү Ала-Арча, Т. Актанов, №2 Баранов жана Новопокровка айылындагы мектептер жана Ош шаарындагы №7 Нариман мектеп-гимназиясына жаңы корпустар салынат.

Келечекте мектептер жетишсиз болгон башка аймактарга да каражат которулат.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби былтыр июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, УКМКга жана ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

17-апрелге карата Борбордук казыналыктагы бирдиктүү депозиттик эсепке 1 млрд. 148 млн. 900 миң сом чогулду. Президенттик аппарат муну жана мамлекетке кайтарылган мүлктү кошо санаганда жалпы суммасы 5 млрд. сомдон ашканын билдирүүдө. (ErN)