Ботобаев өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болду

Каныбек Ботобаев.

Каныбек Ботобаев.

Каныбек Ботобаев өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү кызматына дайындалды.

Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Каныбек Ботобаев чек ара маселелери боюнча бир катар кызматтарда иштеген.

9-апрелде өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Курбанбай Искандаров кызматынан мамлекеттик этика талаптарын бузганы үчүн иштен алынганы маалым болгон. (TSh)