Шри-Ланка: жардырууларга чет өлкөлүк террорчулар көмөктөшкөн

Коломбонун чет-жакасындагы Негомбо шаарчасындагы чиркөөдө болгон жардыруу. 21-апрель, 2019-жыл.

Шри-Ланканын бийлиги жекшембиде болгон кандуу жардыруулар чет өлкөлүк террорчул уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылганын билдирди.

«Чалгын кызматынын маалыматы жергиликтүү террорчуларды чет өлкөлүк террорчул уюмдар колдогонун ишарат кылат. Ушундан улам президент чет өлкөлөрдөн жардам күтөт», - деп айтылат Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисенанын 22-апрелдеги билдирүүсүндө.

Өкмөттүн басма сөз өкүлү Ражитха Сенаратне бомба жардырууларынын артында «Улуттук таухид жамааты» деп аталган исламчыл экстремисттик топ турганын маалымдады.

21-апрель күнү Шри-Ланканын борбору Коломбодогу жана анын тегерегиндеги шаарчалардагы чиркөө, мейманкана сыяктуу бир катар жайларда катар-катары менен тогуз жардыруу болгон. Андан 290 киши мерт болуп, 500дөй адам жаракат алды. Христиандар Пасха майрамын белгилеп жаткан учурда болгон бул кол салуулар Шри-Ланкадагы он жыл мурда аяктаган жарандык согуштан берки эң кандуу окуя катары мүнөздөлүп жатат. Удаалаш жардыруулар боюнча кеминде 24 киши камакка алынды.

Шри-Ланканын президенти өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялады. 22-апрелде түн жарымында ишке кире турган мындай режим армияга текшерүү иштерин күчөтүүгө жана шектүүлөрдү соттун чечимисиз суракка алууга жол ачат.