Порошенко Зеленскийди телефон чалып куттуктады

Украинанын президенти Петро Порошенко. 21-апрель, 2019-жыл.

Украинанын азыркы президенти Петро Порошенко шайлоонун экинчи айлампасындагы өзүнүн атаандашы Владимир Зеленскийди бирдиктүү экзит-поллдун жыйынтыгы чыккандан көп өтпөй телефон чалып куттуктады. Бул тууралуу Зеленский өзү басма сөз жыйынын өткөрүп жатып айтты.

Мурдараак Порошенко өз тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, экзит-поллдордун жыйынтыктары ишенимдүү экенин жана атаандашын телефон аркылуу куттуктоого даяр экенин билдирген. Порошенко шайлоо таза жана адилеттүү өткөнүн белгиледи.

Ал саясаттан кетпей турганын жана эгер керек болсо Зеленскийге жардам берүүгө даяр экенин да кошумчалады.

21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Ага азыркы президент Петро Порошенко менен актер жана куудул Владимир Зеленский катышты.

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, президенттик шайлоодо талапкер Владимир Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызын, ал эми азыркы президент Петро Порошенко болсо 25,3 пайызын алды.

Экзит-полл - коомдук уюмдардын шайлоодо элдин кимге добуш бергенин сурамжылоо аркылуу жүргүзгөн алдын ала жыйынтыгы.

Украинанын жаңы президенти 3-июнда ант берип, кызматка киришет.