Кабулдагы чабуул үчүн «Ислам мамлекети» тобу жоопкерчилик алды

Кабулда 20-апрелде болгон кол салуудан жети кишинин өмүрү кыйылган.

Ооганстандын Маалымат технологиялары жана байланыш министрлигинин имаратына коюлган чабуул үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алды. Ишембиде болгон кол салууда жети кишинин өмүрү кыйылган. Куралдуу топ өзүнүн «Амак» сайты аркылуу тараткан маалыматта атышуу менен коштолгон жардырууну анын төрт мүчөсү уюштурганы айтылат.

«Ислам мамлекети» террордук тобунун Ооганстандагы бөлүгү 2015-жылдан бери «Талибан» кыймылы, ошондой эле өкмөттүк күчтөр менен да согушуп келе жатат.

Жардыруу катуу кайтарылган «Сирена» отелинен алыс эмес жерде болгон. Бул - чет элдик туристтер жаткан саналуу мейманканалардын бири.