Казакстан: шайлоого байланыштуу акция өткөргөн активист 15 күнгө камалды

Активисттер жол жээгине «От правды не убежишь. У меня есть выбор» деген жазуусу бар баннерди илип коюшкан. 21-апрель, 2019-жыл.

Алматынын административдик соту 21-апрелде «Тынч жыйын өткөрүү тартибин бузуу» беренеси боюнча активист Бейбарыс Толумбаевди 15 күнгө камады. Ишти судья Ержан Алдабек карады. Бул маалыматты «Азаттыктын» казак кызматына саясат таануучу, «ИИМдеги реформа үчүн» тобунун мүчөсү Димаш Алжанов кабарлады.

21-апрелде эртең менен Алматыдагы марафон учурунда полиция бир канча активистти кармаган. Маалыматтарга караганда алар жол жээгине «От правды не убежишь. У меня есть выбор» («Чындыктан кача албайсың. Менде тандоо бар») деген жазуусу бар баннерди илип коюшкан. Аларды полиция кармап, Асия Төлешова менен Бейбарыс Толымбаевге «тынч жыйын өткөрүү тартибин бузду» деген айып коюп, административдик иш козгогон. Активист Асия Төлөшовага сот чечими чыга элек.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнга белгиленген.