Украин шайлоосу: мыйзам бузуу жөнүндө 700дөй кайрылуу түштү

Бүгүн, 21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат.

Украина убактысы боюнча саат 15:00гө карата добуш берүүдөгү мыйзам бузуу фактылары боюнча 690 кайрылуу түштү. Анын арасында мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, бюллетенди сүрөткө тартуу же сыртка алып чыгып кетүү, шайлоочуларды коркутуу, сатып алуу аракети сыяктуу мыйзам бузуу аракеттери бар. Кайрылуулардын бешөө боюнча гана сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Украинанын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 15:00гө карата шайлоочулардын 45 пайызы добуш берди.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, президенттик шайлоонун биринчи турундагыдай эле чек арадан өткөн крымдыктарды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Украинадагы шайлоого катышкан-катышпаганын, кайсы добушканада болуп, кимди тандаганын сурап жатат.

Президенттик шайлоо боюнча улуттук экзит-поллдун маалыматы добушканалар жабылганда, саат 20:00дө жарыяланат. Аны Украинадагы Деморатиялык демилге фонду, Киев эл аралык социологиялык институту жана Разумков борбору биргелешип жасап жатат. Алар шайлоо бекетинен чыккандар арасында сурамжылоо жүргүзүүдө.

Бүгүн, 21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта болуп, азыркы президент Петро Порошенко менен актёр Владимир Зеленский 39 талапкердин ичинен суурулуп чыгышкан. Анда Порошенко 16, Зеленский 30 пайыздай добуш алган.

Шайлоо Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында жана орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Донецк жана Луганск облустарында дээрлик өткөрүлгөн жок.