Саляновдун өлүмү боюнча негизги күбө сурак берүүдө

Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурумда негизги күбө көрсөтмө берүүдө.

Кылмыш иште күбө катары өтүп жаткан Олег Тярт буга чейин шектүү Эрмек Осмонкуловдун жогорку кызмат адамдарын жок кылуу боюнча сунуш түшкөнү боюнча кабары бар экенин айткан. Тярт айткандарын четке какпай турганын бирок Салянов жогорку кызмат адамы эмес экенин белгиледи. Күбө айыпталуучу менен абактан таанышканын жана кылмышта ок атылган куралды шектүүнүн өтүнүчү менен кампасына катып койгонун айтты.

Аида Салянова күбө көрсөтмөсүн өзгөртүп жатканын айтууда. Ал күбөнү айыпталган тарап менен сүйлөшүп алган деп айыптады.

"Күбө башында "жогорку кызмат адамдарынан буйрутма түшкөн" деп көрсөтмө берип, азыр "жогорку кызмат адамдарын жок кылууга буйрук түшкөн деп" өзгөртүүдө", - деди Салянова.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​

ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Алар - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев. Мекеменин маалыматына караганда, Эрмек Осмонкулов (1986-жылы туулган) 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен, Асанэмир Абыкулов 2018-жылдын январында Москвадан кармалган. Учурда Абыкулов Москвадан алынып келине элек. Үчүнчү шектүү Заур Насруллаев Орусиянын Екатеринбург шаарынан быйыл августта кармалган. Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук териштирүү былтыр сентябрь айында башталган. (TSh/KR)