Иса Өмүркулов: шайлоодон кийин парламентке үч-төрт гана партия өтөт

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Азаттык" радиосуна маек куруп, келерки 2020-жылкы парламенттик шайлоодон жеңип чыгууга үч-төрт гана партиянын мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Ал ошондой эле бийликти күчтөнтүп, туруктуулукту орнотуу керек экенин кошумчалады:

- (Сооронбай - ред.) Жээнбеков партия түзбөйт го. Себеби ага президенттик бийлиги жетиштүү. Мөөнөтү аяктаганда татыктуу кетип калат. Ошентсе да, оппозициячыл, бийликчил партиялар түзүлө берет. Бирок 9 пайыздык барьерден өтүү өтө кыйын болот. Майда партиялар жоголуп, ири партиялар түзүлөт. Парламенттен орун алуу кыйын болот. Болгону үч-төрт гана партия парламенттен орун алуу үчүн күрөшөт. Бир партиянын 50 пайыздан ашык добуш алышы күмөн. Ошондуктан коалицияны эки эле партия түзөт да, ал коалиция берки эки фракцияга караганда кыйла бекем болот. Бийликти туура күчтөнтүш керек. Бийлик туруктуу болуш керек, - деди Өмүркулов.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Парламентке жалпы шайлоочулардын 9 пайыздан ашык добушун, ал эми ар бир аймакта 0,7 пайыздан көп добуш алган партиялар гана өтөт.

Кыргызстанда 2018-жылга карата 225 саясий партия Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Кыргызстанда жергиликтүү жана парламенттик шайлоолор партиялык тизме менен өткөндүктөн шайлоолорго катышкан активдүү саясий партиялардын саны жыйырманын айланасында. (KR)